Эвкалипт
Эвкалипт (лат. Eucalyptus) - өсүмдүктөрдүн мирталар тукумундагы дайыма жашыл бадал же дарак өсүмдүгү.
Жалбырагы жөнөкөй, жыттуу (эфир майы бар), тушташ же кезектешип жайгашкан. Гүлү жалгыздан же топ гүлгө чогулган, аарылар, куштар аркылуу чандашат. Мөмөсү - кутуча. 500дөй түрү Австралия жана Тасманияда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 30 түрү Kapa деңиздин Кавказ жээгинде өстүрүлөт. Көп түрү тез өсүп, бийиктиги 100 мге жетет. Сөңгөгүнөн баалуу жыгач алынат, кабыгын, жалбырагынан алынган эфир (эвкалипт) майы медицинада колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Text is available under the CC BY-SA 4.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.