For faster navigation, this Iframe is preloading the Wikiwand page for Чыгыш Казакстан облусу.

Чыгыш Казакстан облусу

Чыгыш Казакстан облусу - Казакстан Республикасындагы адм.-айм. бирдик.

Түндүгүнөн Алтай Респ. (РФ), чыгышынан Шинжаң-Уйгур автоном району (Кытай), түштүгүнөн Алматы, батышынан Караганды, түндүк-батышынан Павлодар обл. менен чектешет. Облус 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 283,2 мин км2. Калкы 1,4 млн (2013). Негизинен казактар (56%) жана орустар (40%) жашайт. Ошондой эле башка улут өкүлдөрү да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,9 кшыи. Адм. борбору - Усть-Каменагорск ш. Адм.-айм. жактан 15 адм. районго, 10 шаарга бөлүнөт. Ири шаарлары: Усть-Каменагорск, Семей (Семипалатинск). Облус Евразия материгинин борбордук бөлүгүнөн орун алган. Аймагынын көп бөлүгү Алтай тоолорунда (эн бийик жери 4000 мден жогору) жайгашкан.

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -27...-33°С, июлдуку 3237°С. Жылдык жаан-чачыны 300-600 мм, тоолорунда 900 ммге чейин. Башкы дарыясы - Иртыш. Көлдөрү: Марка-Көл, Зайсан (Буктурма суу сактагычнын курмында). Kapa, күрөң жана боз топурактуу. Тоо этегиндеги ак кылкан, түрдүү чөптүү, талаа-тоолуу талаага, андан жогору орто бийик тоо токоюна (кайын, терек, карагай, кызыл карагай) субальп жана альп шалбаасына өтөт. Облустун башкы өнөр жай тармагы - түстүү металлургия (Кендүү Алтайдагы полиметалл кенинин базасында Усть-Каменогорскидеги коргошун-цинк, Иртыш полиметалл жана жибек кездемелер комбинаттары), өндүрүшү. Машина куруу (конденсатор, прибор куруу заводдору), жыгаччылык, женил, тамак-аш өнөр жай иштейт. Иртыш д-нда Буктурма, Шулба, Усть-Каменогорск ГЭСтери курулган. Айыл чарбасында кайрак эгин айдалат. Сүт-эт жана эт-жүн багытындагы мал, кой, эчки, чочко, жылкы асыралат. Аары чарбасы, балык кармоо, куну чарбасы (тыйын чычкан, булгун, ондатра) өнүккөн. Иртыш д-нда кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
{{bottomLinkPreText}} {{bottomLinkText}}
Чыгыш Казакстан облусу
Listen to this article

This browser is not supported by Wikiwand :(
Wikiwand requires a browser with modern capabilities in order to provide you with the best reading experience.
Please download and use one of the following browsers:

This article was just edited, click to reload
This article has been deleted on Wikipedia (Why?)

Back to homepage

Please click Add in the dialog above
Please click Allow in the top-left corner,
then click Install Now in the dialog
Please click Open in the download dialog,
then click Install
Please click the "Downloads" icon in the Safari toolbar, open the first download in the list,
then click Install
{{::$root.activation.text}}

Install Wikiwand

Install on Chrome Install on Firefox
Don't forget to rate us

Tell your friends about Wikiwand!

Gmail Facebook Twitter Link

Enjoying Wikiwand?

Tell your friends and spread the love:
Share on Gmail Share on Facebook Share on Twitter Share on Buffer

Our magic isn't perfect

You can help our automatic cover photo selection by reporting an unsuitable photo.

This photo is visually disturbing This photo is not a good choice

Thank you for helping!


Your input will affect cover photo selection, along with input from other users.

X

Get ready for Wikiwand 2.0 🎉! the new version arrives on September 1st! Don't want to wait?