For faster navigation, this Iframe is preloading the Wikiwand page for Касым Каимов.

Касым Каимов

Касым Каимов
Туулган датасы:

1926 жыл(1926)

Туулган жери:

Талас району

Өлгөн датасы:

1989 жыл(1989)

Өлгөн жери:

Бишкек

Касым Каимов (1926, Талас району – 1989, Бишкек ш.) – жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976), КМУнун филология факультетин (1955) бүтүргөн.

Чыгармачылыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-ж. чыккан. Бул жыйнак жазуучунун кадыресе калеми төшөлүп, дитиндеги чыгармачылык максатын эркин туюнта алган калемгер катары көргөзгөн. “Соңку жолугушуу” (1955), “Адашуу” (1957), “Мектеп жолунда” (1958) жыйнактарында жазуучунун сатиралык таланты айрыкча ачылып, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдап сүрөттөгөн. Алдым-жуттумдук, аксымдык, аракечтиктин азабы сыяктуу күндөлүк турмушта кездешчү кемчиликтерди “Начальниктин кабагы”, “Теке сүзгөндө”, “Бөтөлкөдөгү киши” деген сатиралык аңгемелеринде тымызын шылдың, жылма какшык менен кыябына келтире ашкерелеген. Ушундан улам Каимов “Талаа жылдызы” (1964), “Бири-бирине окшобогон күндөр” (1968), “Кыш ыргактары” (1973), “Белгилүү эркек” (1975), “Ийри жылан” (1978) жыйнактарын жарыкка чыгарган.

Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын “Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган.

“Кыш ыргактары” повести жазуучунун чыгармачылык жолундагы байсалдуу чыгарманын бири. Бул повестте чабандык кесипти тандап алган жаш үй-бүлөнүн тоо арасындагы турмушу, алардын ички дүйнөсүнүн, нравалык сапаттарынын бышып жетилиши, бийиктөө процесси чеберчилик менен берилген. Каимовдун чыгармачылыгындагы кийинки орчундуу ийгилик “Атай” (1961) романы болду. Чыгарма кыргыз элинин улуу обончусу, залкар комузчу А. Огонбаевдин өмүрүн, чыгармачылыгын көркөм изилдөөгө алып, окуя негизинен Атайдын тегерегинде өнүгөт. Атайдын аң-сезиминин, ырчылык, комузчулук өнөрүнүн, түшүнүгүнүн бийиктеп, тереңдешине аны курчап турган кооз табият көрүнүшү, Талас өрөөнүндө өткөн көп окуялар, чоң таланттар таасир этет. Каимов ошол доордун мүнөзүн Атай аркылуу чыгармада чагылдырууну көздөп, ал жараткан ар бир чыгарманын жаралыш тарыхын кеңири сүрөттөп берген. Жазуучу Атайдын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстерди таамай сыпаттап, анын чыгармачылык жолун өмүр тарыхы менен ажырагыс түрдө көрсөтө алган.

Кийинки жылдардагы Каимовдун чыгармасынын ичинен атайын сөз кылууга арзый турганы – “Акырын күтпө” романы (1984). Чыгарма учурдун талабына ылайык актуалдуу, проблемалардын бири болгон шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон. Романдын идеялык – көркөмдүк негиздерин түзгөн проблема – адам турмушундагы бакыт, анын моралдык маселелери.

Каимовдун орус тилинде “Ночь на перевале” (1958), “Атай” (1968), “Маршруты дружбы” (1970), “Степная звезда” (1972), “Жажда” (1985) жыйнактары чыккан. “Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
{{bottomLinkPreText}} {{bottomLinkText}}
Касым Каимов
Listen to this article

This browser is not supported by Wikiwand :(
Wikiwand requires a browser with modern capabilities in order to provide you with the best reading experience.
Please download and use one of the following browsers:

This article was just edited, click to reload
This article has been deleted on Wikipedia (Why?)

Back to homepage

Please click Add in the dialog above
Please click Allow in the top-left corner,
then click Install Now in the dialog
Please click Open in the download dialog,
then click Install
Please click the "Downloads" icon in the Safari toolbar, open the first download in the list,
then click Install
{{::$root.activation.text}}

Install Wikiwand

Install on Chrome Install on Firefox
Don't forget to rate us

Tell your friends about Wikiwand!

Gmail Facebook Twitter Link

Enjoying Wikiwand?

Tell your friends and spread the love:
Share on Gmail Share on Facebook Share on Twitter Share on Buffer

Our magic isn't perfect

You can help our automatic cover photo selection by reporting an unsuitable photo.

This photo is visually disturbing This photo is not a good choice

Thank you for helping!


Your input will affect cover photo selection, along with input from other users.

X

Get ready for Wikiwand 2.0 🎉! the new version arrives on September 1st! Don't want to wait?