Алмамбет
Алмамбет баатыр, Азизкандын уулу, Күлчоронун атасы, Манас эпосунун башкы каармандарынын бири, Манас баатырдын чоросу.
Кытайдын белгилүү кандарынын бир - Азизкандын 50 ашканда көргөн жалгыз уулу. Жаш кезинен атасынын ордуна хан болуп Алоокенин Коңурбайы менен жоолошуп калат.
Акыры Алмамбет Коңурбай жана башка кытай улуктары менен согуш ачып натыйжасында өз элин тыштап кетүүгө аргасыз болот.
Элинен качып келе жатып казактарда Айдаркандын Көкчөсүндө туруп калат. Бирок, Көкчөнүн тегерегиндегилер анын таасири артып бара жаткандыгына күнүлүк кылышып, Көкчөгө аялы Акеркеч менен "тамыр" деп чагым салышат. Алмамбет казак элин таштап кетүүгө аргасыз болот. Кетип жатканда ак Акеркеч Алмамбетке Манаска барууну сунуштайт.
Алмамбет баатыр кыргыз элине келип турганы Аруукеге үйлөнүп, Манастын эң жакын чоролорунун бири болуп калат. Кыргыздар "чоң казатка" аттанганда кыргыздын колуна хан шайланат.
Чоң казатта Шыпшайдардын огу жаңылып өлөт.
Алмамбеттин керээзине ылайык Манас анын сөөгүн Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнө жашырган.
Ал жер азыр да мазар болуп, эл келип зыярат кылып турушат.
Манас эпосундагы Алмамбет менен байланышкан негизги окуялар:
- Алмамбеттин жомогу(жеткиликсиз шилтеме)
- Манастын Каныкейге үйлөнүшү(жеткиликсиз шилтеме)
- Алмамбеттин кыргыздын колуна хан шайланышы(жеткиликсиз шилтеме)
- Алмамбет менен Чубактын жол талашышы(жеткиликсиз шилтеме). Бул окуяны чагылдырган "Жол Талаш" күүсү
- Алмамбеттин арманы(жеткиликсиз шилтеме)
- Алмамбеттин Сыргакты ээрчитип чалгынга чыкканы(жеткиликсиз шилтеме)
- Чоң казат(жеткиликсиз шилтеме)
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сагымбай Орозбак уулу. Манас эпосу. 1 т. 1978.(жеткиликсиз шилтеме)
Text is available under the CC BY-SA 4.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.